Пятница, 10 мая

Өкмөттөгү өзгөрүүнүн өзөгү эмнеде?

0

Абулгазиев жетектеген өкмөттө кадрдык жүрүштөр акыркы учурда байма-бай катталууда. Муну айрымдар катардагы кадр алмаштыруу менен өкмөт өзүнө болгон элдин сынынан кутулуу аргасы десе, айрымдар алдыдагы шайлоону утурлай боло турчу саясий оюндар дешүүдө. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков ээлеген кызматынан бошотулду. Вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган Жеңиш Разаков Өкмөттө коопсуздук, чек ара маселелери жана ЕАЭБ иштери боюнча милдеттерди аркалаган. Өткөн жумада дагы бир Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматын тапшырып, анын ордуна  дайындалган  Эркин Асрандиев Жеңиш Разаковдон ЕАЭБ иштери боюнча милдеттерди өз мойнуна алган.

Кызматы менен кош айтышкан Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасын делмитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топту жетектеген. Бирок ага карата Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер, коомчулук тарабынан курч мүнөздөгү сындар айтылып, жарандык активисттер түзгөн «Чек ара» коомдук бирикмеси Разаковду кызматтан алуу талабын коюп, митинг уюштуруп келген. Анын себеби кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалдын курчушу айрым учурда адам өлүмү менен коштолуп, чек арага чектеш турган айыл тургундары бир нече ирет турак жайын таштап кетүүгө мажбур болушкан. Ал эми, Жеңиш Разаков өзүнө карата уюштурулган бул нааразычылык акцияларынын артында кээ бир саясатчылардын кызыкчылыгы бар, акча төлөнүп жатат деп акциянын катышуучуларын айыптаган жайы бар. Атүгүл, Тажикистан менен Кыргызстан жер алмаша калса чек ара маселесине чекит коюларын айткан Жеңиш Разаков муну өзүнүн жетишкендиги катары көрсөткөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал бүгүнкү күндө да курч бойдон калууда. Жогоруда айтылгандай өкмөт чек ара маселесин жөнгө салуу үчүн Тажикистан менен жер алмашууга даярданууда. Өкмөттүн бул аракеттери да коомчулуктун кескин сынына дуушар болууда.

Жеңиш Разаковдун тегерегиндеги дагы бир чуулу маселе бул анын Тажикистандын чалгын кызматы менен байланышы бар экендиги тууралуу болгон. Тажикистандын e-tadjikistan.org сайтында «Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын агенти иштеп жатат» деген макала жарыяланып, социалдык медиада бул киши Жеңиш Разаков деген маалымат тараган. Бирок, бул жалган жалаа экенин айткан Жеңиш Разаков маалыматты тараткан жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү менен соттошууга чейин барган.
Учурда бул кызматка Баткен облусундагы Өкмөттүн атайын өкүлү Акрам Мадумаровдун келээри тар чөйрөдө талкууланууда. Кезинде Жеңиш Разаков да жогорку кызматка дал ушул облусту жетектеп жүрүп келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз