Воскресенье, 19 мая

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Д. Касеинов “Сулайман Тоого” зыярат кылды

0

ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Д. Касеинов “Сулайман Тоого” зыярат кылды
Учурда Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн дүйнө жүзүндөгү түрк элдеринин башын бириктирген ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дүйсөн Касеинов 20-февралда Ош шаарына барып, “Сулайман Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музей комплексине зыярат кылып, таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган музейдин директору Султан Абдыракманов билдирди.
“Жалпы ТҮРК дүйнөсүнүн башын бириктирип, ааламдын чар тарабына жайыла конуштаган башаты, тамыры бир өзөктөштөргө өткөнүн унутпай, келечекке ынтымакчылык менен чогуу кадам таштоого өбөк болгон ТҮРКСОЙ эл аралык Маданий биримдигинин Баш катчысы Дүйсөн Касеинов «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси менен таанышып чыкты.
Түрк насилдүү элдердин маданий борбору катары быйыл ааламга дагы бир ирээт аты даңаза болчу ордолуу Ошко алгачкы ирээт кадам койгон Баш катчы Дүйсөн Касеиновду ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү, Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министринин орунбасары, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кайрат Иманалиев жана башкалар коштоп жүрүштү.
«Сулайман Тоону» оңдоп түзөө, дүйнөлүк деңгээлдеги таберик жайлардын катарына жеткирүү боюнча жасалып жаткан аракеттерден Кудай буйруса майнап чыгаар деген ак тилегибиз бар”,- деп билдирди С. Абдыракманов.
Белгилей кетүүчү жагдай, Ош шаары быйыл ТҮРКСОЙ уюму тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланган. Анын алкагында Кыргызстандын түштүк борборунда бир топ иш чаралар өткөрүлмөкчү. Ал эми маданий борбор катары салтанаттуу ачылыш март айына белгиленгендигин мындан мурда Ош шаарынын мэриясы кабарлаган. Д. Касеинов мындан мурда Бишкек шаарында бир топ кыргызстандык адабий ишмерлерге сыйлык, наамдарды тапшырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз