Пятница, 22 ноября

Кувейтте Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конференция өттү

0

Кувейтте Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конференция өттү

Кувейт мамлекетинде Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтатовдун чыгармачылыгына арналган конференция өткөрүлдү. Ага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангуловдон сырткары, Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Самаргүл Адамкулова, Кувейт мамлекеттик университетинин профессорлору, декандары жана бул өлкөнүн мурунку билим берүү министири да катышты. Кыргызстандагы Кувейт университетинин мурунку ректору Алмаз Ибраев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу кеңири доклад жасады.

Конференцияда Кувейт университетинин студенттерине, окутуучулук-профессордук курамына Айтматовдун чыгармаларындагы адамзаттык баалуулук, табигаттын сыры тууралуу философиялык ойлору эле айтылбастан, Кыргызстандын кооз мамлекет экени боюнча да маалыматтар берилди. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов, кувейттиктер үчүн Кыргызстан виза талап кылынбай турганын белгилеп, өлкөгө келип кетүүгө чакырды.

Бул жакка Кыргызстандан келип билим алып жатышкан студенттер негизинен тил жана адабият багытында окуп жатышат. Алардын жатакана, тамак-аш, мекенине барып келүүчү чыгымдын баарын Кувейт өкмөтү көтөрөт.

Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конференциянын алкагында, кыргыздын улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлүгүнүн да көргөзмөсү болду. Мындан сырткары, чыгармачыл топтун концерттик программасы тартууланды.

Ушул күндөрү Кувейт мамлекетинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат. Мурунку күндөрү эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташуусунун 25 жылдык мааракесине карата 60тан ашуун мамлекеттердин элчилери, Кувейт менен Кыргызстандын министрлери катышкан расмий иш-чара болгон. Ал эми алдыда айыл-чарба көргөзмөсү, чоң программадагы концерт жана этнофестваль өтөөрү пландалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз