Суббота, 21 сентября

Бүгүн 50 миллион роза сатылат

0

VI  кылымдан бери 14-февралда Валентин күнү белгиленип келет. Бул күнү сүйүшкөндөр бири-бирине таттууларды, белектерди берип, сүйүүлөрүн арнашат. Дал ушул майрам Испанияда 1-майда белгиленсе, Бразилияда 12-июнда өткөрүлөт. Финляндияда бул күн достук күнү катары белгилүү.

  1. Эң биринчи открытканы 1415-жылы туткунда жаткан адам жубайына жиберген. Айымдарга берилген эң кымбат белек Индиядагы легендарлуу Тадж-Махал тарыхый имараты. Аны индиялык төрө Шах-Жахан сүйүктүү аялына арнап салган
  2. АКШ менен Англияда Валентин күнү 9 миллионго жакын адам үй жаныбарларына белектерди сатып беришет.
  3. Орто кылымда Европада эртең менен кимди биринчи көрсө түгөйү болот деген ишеним болгон. Албетте, айым мырзаны же мырза айымды көрсө жана турмуш кура элегин билсе.
  4. Бул күнү айымдар эркектерге караганда аз акча коротушат. Орто эсеп менен мырза 150 долларга чыгым болсо, айымдар 85 долларга белек алышат.
  5. Дүйнө жүзү боюнча 50 000 000 роза гүлү сатылат. Жалпы 700 миллион доллар шоколад, торттор үчүн жумшалат. 2011-жылы Швецарияда Валентинге арналган эң чоң шоколад жасалган.
  6. Бул майрамга мырзаларга караганда айымдар өтө маани беришет жана даярданышат.
  7. 14-февралды бардык эле өлкөлөр майрамдай бербейт. Мисалы, Сауд Аравиясында жана иранда тыюу салынат, майрамдагандарга аз эмес өлчөмдөгү айып пул салынат.
  8. Ушул күнү үйлөнүүнү пландагандар көп. 2001-жылы үйлөнгөндөрдүн саны рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
  9. Сүйүүсүнө жетпей калгандардын 75%ы өз өмүрүн кыйган.
  10. Түгөйү же сүйүктүусү жок айымдардын 15%ы өзүнө өзү белек тартуулайт. Күйөөсү белек алып бербеген айымдардын жарымы ажырашып кетет.
  11. Жапонияда Валентин күн мырзалардын гана майрамы.
  12. Бул күндү жеке эле сүйүшкөндөр эмес, компьютер адистери да майрамдашат. Себеби алардын кесиптик майрам күнү болуп эсептелет.
  13. Францияда жалаң гана ювелир буюмдарын белекке беришет.
  14. Кыргызстанда 14-февраль китеп белекке берүү күнү болуп эсептелет. Ар кандай иш-чаралар уюштурулуп бири-бирине китеп тартуулашат.

 

 

 

 

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз