Пятница, 20 сентября

Израил армиясы Газа секторун бомбалады

0

Израил армиясы Газа секторун бомбалады
Израил армиясынын аскер-аба күчтөрүнүн бомбалоочу учагы Газа секторунун чыгыш чек арасындагы “Улуу кайтаруу маршына” чогулган палестиналыктарга эки ракеталык чабуул жасады.
Азырынча каза болгондор жана жаракат алгандар жок экендиги айтылууда.
Израил армиясынын билдирүүсүндө, абадан чабуул Газа менен чектешкен еврей туракжайларына өрт тутантуу үчүн аба шарларын жөнөтүүгө жооп иретинде жасалган.
Израилдин маалымат каражаттары кечээ Газа секторунан жөнөтүлгөн айрым аба шарлары еврей конуштарында жарылгандыгын жазышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз