Суббота, 21 сентября

Антарктидага жаз келди

0

9-февраль күнү Антарктидада аба ырайы 21 С° чейин жетип, рекорд койду. 3 күн мурда эле – 18,3 °С болгон. Бул тууралуу аталган континентте жайгашкан иликтөө станциясындагы бразилиялык изилдөөчүлөр кабарлашты.

Мындай ысык Антарктидида катталган эмес. Акыркы ирет 1982-жылы январь айында термометр 19,8 С° белгисин көрсөткөн.

Бул санды Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун синоптиктери дагы текшерүүсү күтүлүүдө. Бирок индустриалдык эпохага чейинки убакытка салыштырмалуу 3 градуска жогорулаган. Изилдөөчүлөр климаттын өзгөргөнү тынчсызданууну жаратып жатканын кошумчалашты.

Антарктидада дүйнөнүн 70% тузсуз суусу муз жана кар түрүндө сакталып турат. Эгерде бары бир учурда ээрисе дүйнөлүк океан 50-60 метрге көтөрүлүшү мүмкүн экендигин айтышууда. БУУнун эксперттеринин айтканына таянсак, 21-кылымдын аягында дүйнөлүк океан 30-110 метрге гана көтөрүлүшү мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз