Учурда оруулардын саны арбын. Ага жараша айыктыруу методдору да көп жана ар башкача. Алардын бири — хижама. Ал ар кандай ооруларды кан чыгаруу жолу менен дарылоонун ыкмасы. Ал организмден бузулган канды чыгаруу жолу менен көптөгөн оруулардан арылтат. Бул ыкманы кимдер жасатпашы керек экенин терапевт, инфекционист жана гирудотерапевт Миргия кызы Тахмина айтып берди.
Саламатсызбы, хижаманы кайсы оруу менен жабыркагандар жасатышы керек?
Саламатсыздарбы. Кан кан тамырлар менен тынымсыз жылып, бардык органды байланыштырып турат. Качан адам туура эмес тамактанганда, экологиялык таасирден улам кан бузулат жана кысылууга дуушар болот. Ушул учурда хижама кылдырса организмден жаман кандар чыгып, организм жеңилдейт. Ар түрдүү ооруларда жасалат. Эң көп тараган баш оору, мигрень, остеохондроз, тукумсуздук, боор оруусу. Учурда гепатит оруусу менен көп кайрылып жатышат, аларга да жасасак болот. Жыйынтыгында организмдеги вирустар азаят. Варикоз, гемморой менен келгендер да бар.
Айыктырарына чын эле ишенсек болобу? Канча убакыттан бери бул метод медицинада колдонулуп келе жатат?
Азыркы учурда хижама жасаткандан кийин жашоосу жаңы башталгандай сезип калгандар көп болгондуктан бул метод өнүгүү тенденциясында кетип бара жатат. Бул жол менен айыктыруу чыгыш медицинасына кирет. Тарыхына кайрылсак, Кытай жана ислам мамлекеттеринде кеңири тараган.
Жогорудагы оруулардын кайсы түрү менен көп кайрылышат?
Менин тажрыйбамда тери оорулары, кант диабети, жүрөк оорулары менен келгендер көп.
Хижамада жаш өзгөчөлүк каралабы?
Жоок. Эгерде ооруп жатса 1-2 айлык балага дагы жасалат. Албетте ар бир бейтаптын организминин өзгөчөлүгү эске алынат.
Кимдерге канын сордуруу тескери таасирин тийгизет?
Негизи тескери таасирин бербейт. Аз кандуулукта деле жасай берсе болот. Бирок гемофилия (дене кесилгенде кан токтобойт) менен жабыркагандарга, кош бойлуу айымдарга жасатууга сунушталбайт.
Эл ичинде бир жолу хижама жасаткандан кийин организм ошого көз каранды болуп, кийин да жасатууга туура келип калат деп айтылып жүрөт. Чын эле ошондойбу?
Ооба, ошентип айтылып келет. Бирок андай эмес. Орууга жараша хижаманын курсу өтүлөт. Бул учурда көз каранды болбойт. Эгерде организмге кайрадан бузулган кандар толуп калса, гипоксия (организмге кислород жетпей калат) сезилгенде кан алдыруунун зыяндуулугу жок.
Хижаманын тескери таасири тийип калган учур катталганбы?
Эгерде профессионалдуу эмес дарыгерге кайрылса кан аркылуу гепатит, спид ооруларын жуктуруп алышы мүмкүн. Бир жолу колдонуучу каражаттарды көп пайдаланганда вирустар пайда болот. Андыктан врачка кайрылууда анын тажрыйбасына да маани берүүнүздөр керек. Эгерде медициналык билими болбосо канчалык тереңдикте кесүү керек экендигин билбей адам эсин жоготушу толук ыктымал.
Белгилей кетсек, хижаманын башкы артыкчылыгы, Мухаммед пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) сүннөтүндө эскерилет. Ал айтты: «Анын дарылык күчү үч нерседе: балды жутууда (ичүүдө), канды агызууда жана аны күйгүзүүдө. Бирок, өзүмдүн үммөттөрүмө, күйгүзүүнү колдонууга тыюу салам».