Суббота, 21 сентября

Ат-Башыда абал кандай?

0

Бүгүн Ат-Башы районунда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү. Митингге чыккандар бийликке бир нече талап коюп, 5 пункттан турган резолюция кабыл алышты.

«1. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылсын.

2. «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Нур-Строй» компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын.

3. Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди аткаруу жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин.

4. Эл менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Канатбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин.

5. Элдин жыйындарда чыгып сүйлөгөн жарандарды укук коргоо органдары коркутуп-үркүтпөсүн. Алардын туугандарына жана аялдары менен балдарына коркутуу токтотулсун».

Эгерде бул талаптар эки аптанын ичинде аткарылбаса, кийинки кадамдар мындан башка өңүттө өтөөрүн айтышты.

Нарын облусунун Ат-Башы аймагында жаңы курулушка каршы нааразычылык акцияларынын себеби логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулоодон келип чыккан.

Логистикалык борбор куруу долбоору «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына таандык. Аталган ишканага кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Буга чейин логистикалык борбордун курулушуна кытайлык ишкер 280 миллион доллар сарптоого даяр экени, анда мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок экени айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз