Суббота, 21 сентября

Триполиде самолеттор учпай калды

0

Триполиде жайгашкан “Митига” эл аралык аэропортунда Халифа Хафтардын мыйзамсыз ок атуусунан улам иш токтоду. Бул тууралуу аэропорттун жетекчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ок атуу Libyan Airlines авиакомпаниясынын самолету учуп жатканда башталган. Мындан улам кайтып келүүгө дуушар болгон. Кырдаал жөнгө салынганча самолеттердун учуусу токтотулду.

БУУ тарабынан Ливия улуттук макулдашылган өкмөттүн билдирүүсүндө, чабуулду Хафтар күчтөрү ишке ашырган. Генерал тарапташтары жүргүзгөн провокациясынын максаты – Ливия революциясынын 9 жылдыгына карата собатаж кылуу.

Халифа Хафтар 2019-жылдын 12-декабрында Триполиге жаңы чабуул жасоого буйрук берген. Эсиңиздерге салсак, Ливия улуттук армиянын генералы Хафтардын Триполиге болгон алгачкы чабуулу 4-апрелде болгон.

Хафтардын аскерлери борбордун түштүк тарабын курчап алган. Ливиянын улуттук макулдашылган өкмөтү ага каршы “Буркан аль-Гадаб” контроперациясын баштаган.

Революциядан кийин 2011-жылы 17-февралда Ливия туруксуз саясий абалга туш келген. Өлкөдө дароо 2 өкмөт түзүлгөн – Тобрук шаарындагы Палата өкүлдөрү.

Триполидеги жалпы улуттук конгресс. Эки өкмөттө тең куралдуу күчтөр бар.

2015-жылы 17-декабрда БУУнун кийлигишүүсү менен Мароккодо улуттук макулдашылган өкмөт түзүү боюнча саясий келишим түзүлгөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз