Суббота, 23 ноября

Коронавирустун дарысы үчүн 3,2 миллиард доллар талап кылды

0

Кувейттик белгилүү блогер жана коомдук ишмер Сальва аль-Матири коронавирустун дарысын иштеп чыккандыгы үчүн 1 миллиард кувейт динарын (3,2 миллиард доллар) сурап жатат. Ал жасаган эмгегин Кувейттеги Кытай элчилигине алып келген. Бул тууралуу өзүнүн Snapchat социалдык тармагына жазган.

“Мен коронавирусту айыктыруунун жолдорун бергени Кытай элчилигине келдим”- деген аль-Матири.

Кытай элчилигине келгенге чейин вирусту айыктыруунун жолун тапканы үчүн банктык эсебине 3,2 миллиард доллар салып коюусун талап кылган видеосун өзүнүн ютуб каналына жарыялаган.

Ал Кытайлык белгилүү актер Жеки Чандын сунушуна да токтолгон. Эсиңиздерге салсак, Жеки Чан коронавирустун дарысын тапкан адамга сыйлык катары миллион юань (143 000 доллар) берем деген.

Акыркы маалыматтар боюнча, аталган вирустан 2004 адам көз жумду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз