Суббота, 21 сентября

Трамп: «Эрдоган күчтүү лидер»

0

Түркия жана АКШ президенттери Идлибдеги абалды жөнгө салуу үчүн биргеликте иш алып барышат. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп түрк коллегасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин журналисттерге кабарлады.

“Биз чогуу иштейбиз”- деген Трамп. Ошондой эле Режеп Тайып Эрдоганды күчтүү жана катуу мүнөздөгү лидер экендигин жана экөөнүн ортосунда жакшы мамиле түзүлгөнүн айтты.

Идлибдеги абал тууралуу түркия-орусия ортосунда дагы сүйлөшүүлөр болду. Иш-чара Орусиянын тышкы иштер министрлигинде жабык түрдө өткөн. Ага Түркия тараптан ТИМ башчысы Седат Онал, ал эми Орусиядан Сирияны жөнгө салуу иштери боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев жана ТИМ орун басары Сергей Вершинин катышты.Экинчи күнү өткөн жыйын 2 сааттан ашык убакыт болгон. Бирок тараптар комментарий беришкен эмес.

Маалыматта Түрк делегациясы Москвада болуп өткөн сүйлөшүүлөр боюнча доклад жасап жатканы айтылат.

Түркия адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын пресс-катчысы Омер Челик Түркиянын Идлибдеги терроризмге каршы туруусу Түркиянын улуттук кызыкчылыгын жана гуманитардык катастрофалардын алдын алуусу экендигин белгиледи.

Сириядагы согуш 2011-жылдын март айында каршылык иретинде өткөрүлгөн тынчтык демонстрациясы куралдуу кагылышууга айланганда башталган. БУУнун качкындар маселеси боюнча Жогорку комиссар башкарлагынын маалыматына караганда Сириядан кагылышуу орун алган жылдар аралыгында 6,6 миллион жаран чыгып кетүүгө аргасыз болушкан, 5,6 миллиону – качкындар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз