Суббота, 21 сентября

Кытай лагеринин кылгандары ачыкка чыкты

0

Кытайдагы “кайра тарбиялоо” лагеринин документи жарыяланды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Документте 2017-2018-жылдары лагерде кармалган 311 уйгурдун маалыматы, эмне себептен кармалганы жазылган.

Алардын бири 65 жаштагы Юсуф аттуу адам «эки кызы жоолук салынып, паранжы кийген», уулу «саясий исламга ыктаган» деген негиз менен лагерде «туруктуу машыгууга» жөнөтүлгөн. Дагы бир кишинин беш жылга эркинен ажыратылышына «коюу сакал койгону жана диний таалим берген топ түзгөнү» себеп болгон. Анын кошунасы «чет өлкөдөгү адамдар менен Интернет аркылуу байланышкан» деп шектелип 15 жылга камалган. Тизмеде белгисиз интернет-баракчаны кокусунан ачып алганы үчүн жана өздүктүгү толук текшерилбеген өңү уйгурга окшоштор да лагерге жөнөтүлгөн. 

Кытай бийлиги уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу жүз миңдеген тургундарды диний жана саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борбор катары эсептейт.

Лагерде канча убакыт окутуу жүргүзүлөрү, кандай критерийлер менен окууга алынары так айтылбайт. Мамлекеттик телеканалдарда көрсөтүлүп жаткан таза, кенен имарат чындыкка туура келбейт. Мындай маалыматтарды лагерде күн өткөргөндөр айтышат.

“Мени жердин астындагы терезеси жок, видеокөзөмөл коюлган бөлмөгө киргизишти. Мени менен бирге 60 киши бар эле. Бөлмө тар болгондуктан башкалар жатып укташ үчүн 15 аял тикесинен турчу, ар бир 2 саат сайын орун алмашчубуз. Бизди кыйнап ичирген таблетка жана ак суюктуктан улам эсибизди жоготчубуз, каза болгондор да болду”- деген этникалык уйгур Мехригуль Турсун АКШ Конгресинин өкүлдөрүнө.

GMV – эл аралык аэрокосмикалык компаниясынын спутнигинин сүрөттөрүнөн тарбия лагери деп айтылып жаткан 101 комплекстин системасын анализдеп чыгышкан. Алар эски имараттардын кеңейгенин жана жаңы имараттар курулганын белгилешкен.

Алар түзгөн жалпы мүнөздөмөдө имараттардын сырты тосмолонгон, күзөт мунаралары бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз