Суббота, 21 сентября

Спортчуларыбыз алгачкы күнү эле 3 медалга ээ болушту

0

Кече, 18-февралда Индиянын Нью-Дели  шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты башталган. Мелдештин биринчи күнү кыргыз балбандары үчүн жемиштүү болду. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөлөрү бир күмүш жана эки коло медалды алууга жетишишти. Бул маалыматты жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

87 килограмм чен бирдигинде Азат Салидинов тажик, ирак жана иран балбандарын утуп финалдык беттешке чыккан. Чечүүчү кармашта Индиялык Кумар Сунил менен кез келип жыйынтыгында күмүш медалдын ээси болду.

77 килограммда Ильяз уулу Ренат менен оор салмакта (130 кг) Ким Роман алдын ала кармаштарда утулуп калган. Бирок атаандаштары финалга чыгып кеткенден кийин коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган балбандарыбыз өзбек жана индус спортчуларын утуп, Азия чемпионатынын коло медалынын ээси болушту. Ал эми бүгүн, 19-февралда грек-рим күрөшү боюнча калган беш салмакта медалдар ойнотулуп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз