Суббота, 21 сентября

Курчоодогу круиздик кемедегилер курман болушту

0

Жапониянын Иокогама портунда коронавируска байланыштуу бир канча күндөн бери карантинде турган «Diamond Princess» круиздик кемесинен коронавирусту жугузуп алган 2 киши каза тапканын Япониянын маалымат каражаттары билдирди.

Бул окуя лайнердин бортунда ооруга чалдыккандар көбөйүп жаткан учурга туш келди.

Ушул эле лайнерде Кыргызстандык жаран да аталган илдетти жугузуп алганын маалымат каражаттары жарыялаган. Бактыга жараша бул маалымат төгүндөлүп, бирок, «Diamond Princess» круиздик кемесинде Кыргызстандык жаран 4 жылдан бери иштеп келгени белгилүү болгон.

Ошондой эле аталган илдет Иранда да 2 адамдан аныкталганын өлкөнүн бийлиги тастыктады. COVID-19 вирусу бул өлкөдө биринчи жолу катталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз