Суббота, 21 сентября

Финполиция жана салык кызматынын кызматкери камалды

0

Кечээ, 20-февраль күнү УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финполиция) жана мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн туруктуу коррупциялык схемага бөгөт койгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтканына таянсак, 2019-жыл аралыгында Финполициянын аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынын бири Б.У.Р жана Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери А.С.М. биргеликте ЕАЭС өлкөлөрүнөн келген жүктөрдү Кыргызстанга тоскоолдуксуз, тиешелүү салык төлөмдөрсүз өткөрүү үчүн системалуу түрдө акча чогултуп турушкан. КРнын Жазык кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен шектелип кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз