Пятница, 20 сентября

Жогорку жана Бишкек шаардык сотторунун судьяларына кылмыш иши козголду

0

Жогорку жана Бишкек шаардык сотторунун судьяларына кылмыш иши козголду

Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан КР сот органдарынын системасынын коррупциялык багыттагы кылмыштарга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруулары аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ММК менен байланыш кызматы билдирди.
Тактап айтканда, айрым кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштери үчүн, КР сот системасынын кызматкерлери атайлап мыйзамсыз чечимдерди чыгаруу жолу менен мыйзамдуу деп таанылган чет өлкөлүк инвесторлордун ишкерлик иш-аракеттинин объектерин жана мыйзамыз мүлктү ээлеп алууда тиешеси бар фактылар аныкталды.
2019-жылдын 8-февралында Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан 3 сотуна карата жана Жогорку соттун мурунку 1 сотуна УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүүгө багытталган. Анын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 319- беренсинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясында 303-беренеси (коррупция) боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз