Пятница, 20 сентября

Өлкөдөгү 653 айыл таза суу менен камсыз болот

0

Өлкөдөгү 653 айыл таза суу менен камсыз болот
Кыргызстандын калкын таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болмокчу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда айтты.
“Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.
Мамлекет башчысы ал президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын эске салды.
“Азыр ушунун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бул долбоорлор боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Кытай жана Араб өлкөлөрү менен иштеп жатабыз. Мен таза суу проблемасын Сузак жергесинде да бар экенин билем. Район боюнча жалпысынан 30 пайыздан ашыгы таза суу менен камсыз болгон эмес. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот”, — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Белгилей кетүүчү жагдай, С. Жээнбеков президенттик шайлоонун үгүт маалында өлкөдө маянаны 26 миң сомго көтөрүүнү да убада кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз