Суббота, 21 сентября

Кыргызстанга медициналык бет каптар келет

0

Коронавирустун жайылуусун  алдын алуу боюнча кызматташтыктын алкагында АКШ Кыргызстанга техникалык көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу  ТИМ пресс-борбору билдирди.

АКШ тарап операциялык бет кап, атайын  “N95” бет каптары, медициналык кол каптар, коргонуучу халаттар жана дезинфекция кылуучу каражаттар келет.

Эки тарап коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турарын белгилешти.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2360, ооруп жаткандар 76 000 жакын. Бул вирус 26 мамлекетке жайылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз