Суббота, 23 ноября

Ысык-Аталык мугалимдер квалификациясын жогорулатышат

0

Билим берүү жана илим министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы мугалимдери үчүн инклюзивдик билим берүү боюнча квалификацияны жогорулатуу курсун уюштурат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Окутуу министрликтин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан март айында өткөрүлөт.
Аталган райондун атайын мектеп-интернаттарында билим алып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки мектептерге которуу пландалган. Андыктан мугалимдердин өзгөчө муктаждыктагы окуучулар менен иштешүү потенциалын жогорулатуу талапка ылайык. Учурда Ысык-Ата районунда жайгашкан Дмитриевка жана Красная Речка көмөкчү мектеп интернаттарындагы 12 бала жашаган жери боюнча мектептерге которулган. Бул иштер интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоо планынын жана инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын алкагында жасалып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз