Суббота, 21 сентября

Бүгүн жамгыр жаайт

0

Бүгүн, 24-февралда күндүз Чүй, Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында кар аралаш жамгыр жаайт. Нарын облусунун кээ бир райондоруна жана бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп, кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоолордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…-7,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…12,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -2…-7° болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз 7…9° болот. Күндүз жаан жаайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз