Воскресенье, 24 ноября

Баткендеги геопарктын логотибин иштеп чыгууга сынак жарыяланды

0

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти 2020-жылдын 18-28-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы геопарктын логотибин иштеп чыгууга сынак жарыялады.

Геопаркта жергиликтүү калктын материалдык жана материалдык эмес мурастары менен маданияты сакталат. Ал аймактын экономикалык абалын жогорулатуу үчүн туристтерди кабыл алат жана экологиялык коопсуздукту камсыздайт.

Сынактын максаты Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы геопарк логотибин иштеп чыгуу.

Конкурска катышуучулардын үч же андан көп конкурстук иши каралат жана ар бир логотипке номур  коюлат.

Сынактык билдирмелер 2020-жылдын 2-мартында сынактык комиссия тарабынан каралып, жеңүүчүгө Canon EOS 77 DKiT 18-55 ISSTIM үлгүсүндөгү фотоаппарат тапшырат.

Кошумча маалымматтар үчүн төмөнкү ссылкага кириңиз.

https://docs.google.com/document/d/1VV_XD9FrPfnJxW-N54noWFzrNtdZ2J-3vH7p5SIosrM/edit

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз