Суббота, 21 сентября

Түркияда эки жолу жер титиреди

0

Кечээ, 23-февралда Түркиянын Ван провинциясында саат 9:22де жер титирөө катталып, 9 адам көз жумган жана 37 адам жаракат алган. Кийин жабыркагандардын саны 50гө жеткени маалымданган. Айрымдарга операция жасалды. Бул тууралуу Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа билдирген.

«Башкале шаарынын Ван провинциясында жабыркаган 50 адамдын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Айрымдарга операция жасалды. Азыркы тапта эки бейтап реанимацияда жатат», — деди Коджа.

Жер кайрадан саат саат 19:30да Түркия менен Азербайжандын түштүгүндө жайгашкан ирандык провинциядагы Хой уездинде кайталанган.  Чектешкен аймакта 5,7 баллдык жер титирөө болду.

Түркиянын ТИМ башчысы Сулейман Сойлу билдиргендей, курмандык болгон жок, бирок 39 адам жаракат алган, 250 үй жана 300 турак жай жараксыз абалга келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз