Суббота, 21 сентября

Бүгүн ооруканалар иштебейт

0

Бүгүн Кыргыз  Республикасы боюнча ооруканалар жана бейтапканалар иштебейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-борбору кабарлады.

Маалыматка таянсак, министрлик алты күндүк иш жуманын графиги боюнча иштейт.

Аталган министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилованын айтымында, дарыгерлер жумушка 2-январь күнү эле чыгышканын айтып, эмне себептен буга чейин эскертилбегенин кошумчалады.

«Жаңы жылда беш күндүк график менен иштегендердин эс ала турганы айтылган. Жарандардын көбү дарыгерлер календарь боюнча гана иштерин билет. Бүгүн бардык ооруканада нөөмөттө дарыгерлер турат», — деди Исмаилова.

Эске салсак, 2020-жылы кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен, 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн токтому чыккан. Анда 24-февралдагы дем алыш күнү 2-январдагы иш күнүнө жылдырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз