Понедельник, 20 апреля

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы план

0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш чаралардын планы бекитилди. Пландын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

– Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана координациялык чараларды өркүндөтүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка ыкчам жооп кайтаруу мыйзамдык чараларын киргизүү;

– Жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоого, үй-бүлөдө зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумду жайылтууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулук жагдайларын аныктоо;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн жардам көрсөтүү, зордук көрсөткөндөр менен иштөө. Зомбулуктун алдын алууга, мамлекетитк кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн мамлекеттик бюджеттин каражаттарын көбөйтүү каралууда;

– Бүлөдө зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу комитеттерин түзүү аркылуу жергиликтүү институционалдык жана координациялоочу механизмдерди өнүктүрүү;

– Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу;

– Үй-бүлөлүк зомбулукка жооп кайтарууну жакшыртуу.

Жогорудагы пункттар Башкы прокуратура, Жогорку Сот, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан 2020-ж ишке ашары белгиленди.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз