Суббота, 21 сентября

Түндө салык төлөсөңүз болот

0

Бүгүнкү күндөн тартып Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча режими түнкү 24:00го чейин жылдырылды. Мындай жол менен салык төлөөчүлөргө ар тараптан жана толук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин түнкү саат 24.00гө чейин , ал эми дем алыш күндөрү – саат 09.00дөн 24.00гө чейин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз