Суббота, 21 сентября

Айрым конуштарда суу өчүрүлөт

0

25 жана 27-февралда бир нече конуштарда таза суу өчүрүлөт. Бул маалыматты мэриянын пресс-кызматынан кабарлашты.

Суу берүүнү убактылуу токтотуу «Бишкек суу канал» ишканасынын суу менен камсыз кылган жайларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштеринен улам болууда.

25-февралда 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш конушу.

27-февралда 9:00дөн 16:00гө чейин Мурас Ордо менен Калыс Ордо конуштары.

Булардан сырткары, төмөнкү жайларда да өчүрүлөт. Алар:

  • № 86 башталгыч мектеби;
  • Мурас Ордо жана Калыс Ордо аймагындагы ҮДТ;
  • «Бактылуу балалык» менчик бала бакчасы.
  • Билим берүү мекемелери иштебейт. Ал эми медициналык борборлор суу камдап коюп, элди кабыл ала берет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз