Суббота, 21 сентября

Профсоюздар жакалашты

0

Бүгүн, 25-февралда профсоюз федерациясынын имаратынын алдында митинг болду. Алар 2017-жылы 16-январда өкмөттүн сунушу менен профсоюздун жетекчиси болуп дайындалган Мирбек Асанакуновду кызматынан кетүүсүн талап кылышты.

“Биздин уставдын талабы боюнча 5 жылдык тажрыйбасы бар адам жетекчи болушу керек. Мирбек Асанакуновдун эмгек китепчеси жасалма, мурда эч жерде иштеген эмес. Биз анын кетүүсүн талап кылып сотко кайрылганбыз, бирок жогорку сот бул иш профсоюздун кеңешмеси менен чечилерин, соттор карабай турганын айткан. Профсоюздун кеңешмесинин 29 мүчөсү кетүүсүнө кол коюп бергени менен дагы деле кетпей жатат ”- деди куруучулар профсоюзунун төрагасы Токтогул Султакеев.

Маалыматка таянсак, Мирбек Асанакунов  КСДП партиясынын депутаты жана Ысык-Көл облусунун губернатору болгон.

Төраганын иш бөлмөсүнө чогулган алтымыштай адамдын алдында Асанакунов менен төраганын орун басары Канат Осмонов кайым айтышты. Алардын урушунда Асанакунов мыйзамсыз иштеп келгени, Осмонов 2010-жылы профсоюзда төрага болуп турганында 10млн сом менен 3 кылмыш иши козголуп кеткени тууралуу айтылды.

Эске салсак, 5-февралда профсоюздун кеңешмеси Мирбек Асанакуновду кызматынан бошоткон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз