Суббота, 21 сентября

ЦУМ жарылат деген киши кармалды

0

Жалган террорист кармалганын бүгүн, 25-февралда УКМК пресс-кызматы кабарлады.

2020-жылдын 24-февралында “Инстаграм” социалдык тармагынын «_roma7unuzow» аттуу колдонуучусу “Шаардык универсалдык дүкөндө саат 17:30да террористтик актысы болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн. АКШ доллары төлөндү” деп News.kg маалымат порталынын жаңылыгынын алдына комменатрий калтырган.

“Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында колдонуучу КР жараны, Чүй областынын тургуну, 2002 ж.т. Юнузов Р. экендиги аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Юнузов Р. кармалып, КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген”- деп айтылат маалыматта.

Сурактын жүрүшүндө ал жасаган ишине өкүнүп, бейбаштыктан улам жазгандыгын билдирген. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз