Пятница, 20 сентября

Алты аким кызматынан бошотулду

0

Алты аким кызматынан бошотулду
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматынан бошотулду, — деп билдирет өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
— Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев
— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев
— Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев
— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов
— Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов
— Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.
Андан тышкары, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары Камбаралиев Каныбек Чолпонкулович ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз