Пятница, 20 сентября

Индияда чочко тумоосунан 377 адам каза тапты

0

Индияда чочко тумоосунан 377 адам каза тапты
Индияда жылдын башынан бери чочко тумоосунан каза болгондордун саны 377ге жетти.
Индиянын маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада вирустан улам 65 кишинин дагы каза болушу менен бул жылы ооруга байланыштуу каза болгон кишилердин санынын 377ге жогорулагандыгын билдирди.
Министрлик жалпы өлкөдө жылдын башынан бери 12 миң 191 чочко тумоосу орулуусун аныктады.
Маалыматарга караганда «чочко тумоосу» деп билинген H1N1 вирусуна байланыштуу эң көп киши каза болгон Ражастан аймагында бул жылы 3 миң 508 орулуунун бар экендиги, булардын ичинен 127 киши каза болгон.
1983 орулуу жашаган Гужерат аймагында 71 киши вирустан каза болуп, 2 миң 278 орулуу аныкталган. Дели шаарында жана тегерегинде болсо эпидемияга байланыштуу 7 киши каза тапкандыгы белгиленди.
Пенжап, Мадхая Прадеш жана Химачал Прадеш да эпидемия эң көп катталган аймактардын арасында орун алды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз