26-февралда күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -2…+3, күндүз +15 +20
Таласта түнкүсүн: -2…+3, күндүз: +15…+20
Баткенде түнкүсүн:+1… +6, күндүз: +10…+15
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -4…+1, күндүз +15…+20
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: +3…+8
Нарында түнкүсүн: -10…-15, күндүз: -2…+3
Бишкекте түнкүсүн 0…+2, күндүз: +18…+20