Суббота, 4 мая

Чемпион У.Жолдошбековдун дарылануусун өкмөт мойнуна алат

0

Спорттук күрөш боюнча Нью-Дели шаарында өткөн Азия чемпионатында (18-23-февраль) чемпиондукка жеткен Улукбек Жолдошбековдун дарылануусуна өкмөт каражат бөлөт.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынын Жобосуна ылайык, Кыргызстан курама командасына кирген спортчу аталган Дирекциянын каражаты менен медициналык тейлөөдөн өтүп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан толук кандуу көзөмөлгө алынат.

Улукбек Жолдошбеков 61кг чен бирдикте 4 атаандашы менен беттешкен. Өзүнүн айтымында үчүнчү каршылашы менен күрөшүү учурунда көзүнө сокку алган. Ага карабастан төртүнчү ирет беттешке чыгып, алтын медалды багындырган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз