Суббота, 21 сентября

Коронавируска каршы вакцина адамдарга колдонула баштайт

0

АКШ коронавируска каршы вакцинаны бир жарым айдан кийин адамдарга колдоно баштайт. Бирок массалык түрдө бир жарым жылдан кийин гана пайдаланылат. Бул тууралуу улуттук ден-соолук институтунун директору Энтони Фаучи билдирди.

Анын айтымында текшерүүнүн биринчи фазасы 3 айга созулуп, жалпы 45 адамга колдонулат. Эгерде жыйынтык күткөндөй болсо жүз, миңдеген адамды вирустан сактайт.

Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон Covid-19 коронавирустан 2 715 адам каза тапты, 78 000 бейтап ооруканада. Айыккандардын саны 23 000 түзөт.

Кытайдан тышкары 30га жакын өлкөдө катталган. Иранда 15тен ашык адам көз жумса, Түштүк Кореяда вирусту жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө.

Акыркы 4 жума ичинде Кыргызстанга 3 өлкөдөн 1 356 адам келген, анын ичинде 363ү кытайлыктар. Алардын саламаттыгы текшерүүдөн өтүп, 141 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Медициналык жардам алып жаткан кытай жарандарынын саны 61. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз