Суббота, 21 сентября

Конституциялык палатанын судьялары шайланды

0

Жогорку Кеңештин чечими менен Конституциялык палатынын судьясы кызматына Касымалиев Мукамбет Шадыканович, Борбукеева Мээргүл Рыскулбековна жана Жумабаев Латип Пазылович шайланды. Алар шайлоо аяктары менен ант беришти.

Судья Латип Жумабаев Жогорку Кеңеште ант берип жатып, колун Конституцияга койгонду унутуп калып, антты окуй баштаган. Залда отурган депутаттар ага эскертүү беришкен. Судья кечирим сурап, антты кайра башынан окуган.

Касымалиев Мукамбет Шадыканович жана Борбукеева Мээргүл Рыскулбековна бул убакытка чейин Конституциялык палатанын судьялыгынан жети жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 2019-жылдын ноябрында бошотулган. Ал эми Латип Жумабаев биринчи жолу шайланды. Ал буга чейин Баткен, Ош облустарынын прокурору болуп иштеген.

Конституцияга ылайык Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы биринчи жолу жети жылдык мөөнөткө шайланат. Экинчи жолку шайлоого катышып, жеңишке жеткен судья Конституцияда белгиленген жаш курак чегине, башкача айтканда 70 жашка чейин иштей алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз