Бүгүн, 26-февралда Иркутск шаарынын 14 орто мектебине уулуу газ таратылганы тууралуу жашыруун кат келген. Коопсуздук иштери жүргүзүлгөн, бирок эвакуация иштери болгон жок. Бул тууралуу Иркутск шаарынын администрациясынын пресс-кызматы “РИА Новостиге” маалымдады.
Бул убакытка чейин Сибир, Алыскы Чыгыштын мектептерине да уулуу газ таратылганы, мина коюлгандыгы кабарланган. Бирок тиешелүү кызматтар текшерүү жүргүзүп, бир да жолу коркунуч келтирген каражат тапкан эмес.