Суббота, 21 сентября

Бишкекте хоккей чемпионаты өтөт

0

Хоккей боюнча төртүнчү дивизиондун дүйнө чемпионаты 3-5-март күндөрү Бишкектеги шаардык муз аянтчада өтөт. Анда Кыргызстан Филиппин, Малайзия, Кувейт командалары менен ойнойт. Ага байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта чемпионат учурунда чет элдик коноктор менен жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо ИИМдин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендиги айтылган.

Тиешелүү кызматтарга спорттук мелдештер өтчү жайларды карап чыгып, көзөмөлгө алуу тапшырмалары берилген.

Мындан тышкары, ИИМ жарандардын күтүлбөстүктөрдү алдын алуу боюнча текшерүү иштерине жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырып, коомдук жайларда күмөн жараткан нерсени байкап калса, дароо жакын жердеги милиция бөлүмүнө кайрылуусун суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз