Суббота, 21 сентября

2 өспүрүм тик учак менен изделүүдө

0

Кече, 25-февраль күнү 14 жаштагы эки өспүрүм Сочидеги Псезуапсе дарыясынан өтөбүз деп мүдүрүлүп, сууга агып кеткен. Бул тууралуу РФнын ӨКМ башчысы Сергей Скрыльников кабарлады.

Красноярск ӨКМ башкы башкармалыгынын маалыматында, издөө тобу түзүлүп, аба-ырайынын катаалдыгынан улам дарыянын ичин кароого мүмкүнчүлүк болгон эмес, түнү бою жээктери гана каралган. Шаршемби күнү эртең менен Ка-32 тик учагы жана катерлер менен издөө башталган. Жалпы 200 адам тартылган.

Кырсык орун алган аймакта жоголгон өспүрүмдөрдүн ата-энелери да бар. Аларга психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары шаардык кызматкерлер, полиция, психологдор жана тез жардам кызматы иштеп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз