Суббота, 18 мая

Turkish Airlines (THY) самолётторунун санын 500гө жеткирет

0

Turkish Airlines (THY) самолётторунун санын 500гө жеткирет
Turkish Airlines (THY) түрк авиакомпаниясы 2023-жылга карата учактарынын санын 500гө жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу «Анадолу» агенттигине THYнын башкы директору Билал Экши билдирди.
Анын айтуусунда, Turkish Airlines 2003-жылдан тартып өтө тездик менен өнүгө баштады.
THY дүйнөдөгү экинчи белгилүү авиакомпания болуп саналып, самолётторунун саны боюнча 10-орунду ээлейт жана жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешесинин суммасын эсептегенде, 13-орунда экендигин кошумчалады Экши.
Анын айтуусунда, THYнын самолёттору 124 мамлекетке учат.
«Turkish Airlines – бул түрк элинин сыймыгы. Авиакомпания 2018-жылы чоң ийгиликтерге жетишти. Өткөн жылы THYнын каттамдарынын толушу 80%ды түздү. 2019-жыл да биз үчүн ийгиликтүү болот деп ишенебиз. Авиакомпания Европа өлкөлөрүнө 50% каттамдарды жасайт», — деди Экши.
Башкы директор Америка жана Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнө да көп сандаган учууларды жасап жаткандыгын белгиледи.
«Turkish Airlines дүйнөдө карго-жүк ташуулар боюнча 10-орунду ээлейт жана келечекте бул көрсөткүч боюнча алдыңкы бештикке кирүүнү көздөйт.THYнын жүк ташуучу самолётторунун саны 20ны түзөт. Жаңы «Стамбул аэропортунда» биринчи кезекте 2,5 миллион тонна жүктү ташый турган карго-жүк ташуу борбору ачылат. Алгач бул көрсөткүчтү беш миллион тоннага чейин жогорулатуу пландаштырылууда. Ошентип Түркия бир эле жүргүнчүлөрдү эмес, жүктөрдү да ташууда лидер болууну көздөөдө», — деди Экши.
Башкы директор авиакомпания суткасына 24 саат иштей тургандыгын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз