Пятница, 20 сентября

Ташкентте Борбор жана Түштүк Азиядагы коопсуздук маселеси талкууланды

0

Ташкентте Борбор жана Түштүк Азиядагы коопсуздук маселеси талкууланды
Өзбекстанда Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн башкы штабдарынын начальниктеринин жолугушуусу болду
Анын жүрүшүндө Борбор жана Түштүк Азиянын бир катар өлкөлөрүнүн башкы штабдарынын начальниктери Ташкентте коопсуздукту камсыздоодогу өз ара кызматташтык маселелерин талкуулашкандыгын «УзА» маалымат агенттиги билдирди.
Борбор Азияда тынчтык жана кызматташтыкты чыңдоодогу кадамдар, Афганистандагы чыр-чатактарды чечүүнүн жолдору каралды.
Өзбекстандын коргоо министри Баходир Курбановдун айтуусунда, Ташкент узак мөөнөттүк кызыкчылык жана аймакта коопсуздукту камсыз кылуу максатында чет элдик өнөктөштөр менен коопсуздук жаатындагы мамилени өнүктүрүүдө.
Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө Борбор Азиядагы кырдаал боюнча пикир алышуу, эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү үчүн келечектеги иш пландар тууралуу пикир алышуулар болду.
Иш чарага Өзбекстандын, Казакстандын, Пакистандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын, Афганистандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабдарынын начальниктери, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары жана АКШ куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын командири катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз