Суббота, 21 сентября

Сауд Арабиясы умрага баргандарды киргизбейт

0

Сауд Арабиясы умра сапары менен баргандарды киргизбейт. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги шаршембиде маалымат тараткан.

Алар коронавирустун дүйнө жүзүнө жайылып жаткандыгына байланыштуу зыяратчыларды убактылуу киргизбей турууну чечишкен. Мындан тышкары вирус аныкталган өлкөлөрдөн туристтердин келүүсүнө да тыюу салынат.

Быйыл Кыргызстандан алты миң адам Мекеге зыярат кылат, бирок ага чейин эле жүздөгөн жарандар умра же кичи ажылык сапарга барып келгенге үлгүрүштү.

Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына Сауд Арабиядан коронавируска байланыштуу ажылык маалындагы коопсуздук чаралары тууралуу инструкция келген эле.

«Анда ажылык сапарда өзүн таза алып, маска кийүү керектиги айтылат. Оорунун белгилери бар адамдарга жакын жолобоо, сүйлөшпөө керектиги айтылды. Тамактарды текшерип, этияттап жеп, башкысы колду тез-тезден жууп туруу керек деген инструкциялар келди. Бул тууралуу биз атайы сабактарды өткөрөлү деп жатабыз», -деген муфтиятын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз