Суббота, 21 сентября

Мухаммедкалый Абылгазиев дүкөн кыдырды

0

Жергиликтүү продукция өзүбүздүн дүкөндөрүбүздө атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев көчмө жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы алдынкы чекене соода супермаркеттердин бирине барып, анда коюлган продукциялардын номенклатурасы жана көзөмөл-кассалык машинанын иши менен таанышты.

«Мен ата мекендик продукция дүкөндөрдүн текчесинде кандай сатылары менен жеке таанышуу максатында борбор калаанын көптөгөн супермаркеттеринин бирин атайын кыдырууну чечтим. Кондитердик товарлар боюнча биз коңшулардан калышып жатабыз. Мындай товарлардын дээрлик бардыгы тыштан ташылып келген. Биздин продукциялар импорттук товарлардан эч кем калышпайт. Алар экологиялык жактан таза, курамында генетикалык модификацияланган организмдер камтылган эмес. Эң башкысы – бул биздин, жергиликтүү товар. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керек. Бул үчүн аларды колдоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыгат. Биз мында катардагы сатып алуучулардын колдоосуна да ишенип турабыз, алардан көп нерсе көз каранды», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз