Суббота, 21 сентября

Кыргыз бала оозун тигип, митингге чыкты

0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кыргыз жараны абакта жаткан Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып митингге чыкты. Бул тууралуу Орусиянын маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Саман уулу Жаныбек аттуу жаран оозун тигип алып, “Садыр Жапаровго боштондук. Мен өзүмдүн мекеним үчүн ачка болом” деген плакатты көтөрүп, митингге чыккан.

Эскерте кетсек, Садыр Жапаров «бейбаштык», «бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү», «барымтага алуу» жана башка беренелер боюнча айыпталган. УКМК 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында өткөн митингди Жапаров каржылаганын, митингдин катышуучулары ошол кездеги облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевди күч менен унаага салып, туткунга алып отурушканын билдирген. Мекеме 7-октябрдагы митингдин максаты Ысык-Көл облустук администрациясын басып алуу, облуста тополоң чыгаруу болгон деп маалымат тараткан. 

Биринчи май райондук сот С.Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Биринчи инстанцияда 3 берене боюнча акталган, бирок туткунга алганы үчүн камалган. Шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз