Суббота, 21 сентября

Индиядагы мусулмандарга кол салууда 27 адам каза тапты

0

Индиянын Дели шаарында мусулмандар жашаган райондорго үч түн катары менен кол салуу болуп, 27 киши каза тапты. Жаракат алгандардын саны 200дөн ашты. Бул башаламандыктын негизги себеби Индия бийлиги Бангладеш, Пакистан, Ооганстандан качып келген мусулман эмес адамдарга жеңилдетилген шартта жарандык берүү боюнча жаңы мыйзамды сунуштагандыгында.

Нааразылыкка чыккандар бул документ мусулмандардын укуктарын чектеп, аларды обочодо калтырып коёт деп чочулашат.

Документке жалаң эле мусулман коомчулугунун укуктарын коргогондор каршы чыккан жок. Демонстранттардын бир бөлүгү бул мыйзам ишке кирсе Индияда, анын ичинде Бангладешке жакын жайгашкан Ассам, Трипура штаттарында миграциянын агымы күчөйт деп эсептешет. Бул аймактардын тургундары иммигранттар жумуш орундарын, жер тилкелерин ээлеп алат деп чочулап жатышат.

Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди бул документ Индиядагы 1,3 миллион мусулманга тиешеси жок, алардын абалы өзгөрбөй турганын айтып, мындай кооптонуу негизсиз экендигин түшүндүрүүгө аракет кылууда.

Жарандык тууралуу мыйзамга каршы чыккандар менен аны колдогондордун кагылышында ок атылып, жаатташкандар бири-бирине таш ыргытып, союл менен койгулашты.

Ошол эле маалда көптөгөн штаттарда жергиликтүү мусулмандарга Индия жараны экенин далилдөөнү сунуштап жатышат. Эгерде алар далилдей албаса, анда депортация күтөт.

Көп кишилер, анын ичинде журналисттер дагы көчөдөгүлөрдөн «кайсыл динди карманасың» деп сурап жаткан жаалданган топтор тууралуу айтып жатышат. Фотожурналисттердин бири ич кийимин чеч деп мажбурлашканын айтып чыкты. Муну менен сүнөткө отургузганбы же жокпу деп, мусулман же мусулман эмес экенин аныктоого аракет кылышкан.

Башаламандык орун алган райондорго полиция кызматкерлери жана аскерлер жөнөтүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз