Воскресенье, 19 мая

Идлибде 33 түрк аскери каза болду

0

Сириянын Идлиб шаарындагы согушта 33 түрк аскери көз жумду. Алар Башар Асад күчтөрүнүн аба соккуларынын курмандыгы болду. Бул тууралуу Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган билдирди.

“Азыркы учурда Идлибдеги Асаддын режиминен жаракат алган 36 түрк аскери дарыланууда”- деп кошумчалады губернатор.

Буга чейин Доган 29 түрк аскери курман болгонун, алар Жилвегёзю аркылуу Түркияга жиберилгенин кабарлаган.

Эсиңиздерге салсак, 2011-жылы Сириянын башчысы Башар Асаддын бийлигине жергиликтүү калк каршы чыгып, калкка ок атуу менен коштолгон. Ошондон бери Асаддын режими, “Хезболла” кыймылы жана Орусия күчтөрү Сирияны жардырып келишет.

БУУнун билдирүүсүнө таянсак, 220 000 адам каз болгон. Орусия тышкы иштер министри 4,6 миллион Сириялык качкын бар экенин, 7,6 миллион өлкө ичиндеги миграция болгонун кабарлаган. 13,5 миллион адам жардамга муктаж.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз