Суббота, 21 сентября

28-февралда жаан, кар жаайт

0

28-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…10 градус болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз