Москва АКШда абакта жаткан орусиялык учкуч Константин Ярошенкону шылдыңдоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы элчилигинен билдиришкен.
“Дипломаттар Ярошенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө медицина кызматкерлери ага жардам көрсөтпөгөнүн, ден-соолугу начарлап баратканын айткан. Ал микроинсульт алган, бирок дарыгерлер көңүл бурушкан эмес”-деп айтылат элчиликтин фейсбугундагы маалыматта.
“Кыязы, ал өзү кыймылдап жатканы үчүн дарылоону кечиктирип жатышат. Мындай кылгандары туура эмес, бул адам укугун бузуу болуп эсептелет. Ярошенкону шылдыңдоону токтотуусун талап кылабыз”- деп кабарлашты дипломаттар.
Эсиңиздерге салсак, Ярошенко 2011-жылы Америкага баңги затын алып келүүгө шектелип, 20 жылга эркинен ажыратылган.