Суббота, 21 сентября

Блогер Сыдыман бошотулду

0

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык соту блогер Элмир Сыдымановду үй камагына чыгарды.

Сыдыман өкүнүп жатканын билдирип, кечирим сурады.

“Мен Ош облусун жамандап, элди түндүк-түштүккө бөлөйүн деген ниетим жок болчу. Видеодо жаман сөздөрдү кошуп сүйлөгөн үчүн дагы бир жолу кечирим сурайм. Мындай көрүнүш экинчи кайталанбайт” – деген блогер.

Белгилей кетсек, ал 17-февралда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган. 19-февралда Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен блогер Элмир Сыдыманов эки айга камалган.

Эсиңиздерге сала кетсек, блогер Сыдыман өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына түз эфирге чыгып, анда кээ бир облустардын тургундарына карата жаман сөздөрдү айтып, ашата сөгүп, пас сөздөрдү айткан. Кийинчерээк анын видеосуна эл реакция кылгандан кийин, видеокайрылуу аркылуу элден кечирим сураган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз