Воскресенье, 19 мая

Жапониядагы лайнерде иштеген кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

0

Жапониядагы “Diamond Princess” круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда пресс-конференцияда тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

 

Аталган кеме 5-февралдан бери карантинде болгон, 19-февралда карантинден чыккан. Анын ичинде 3 700 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү бар болгон. Кыргызстандык жаран лайнерде экипаждын мүчөсү катары болгон. Белгилүү болгондой, лайнерде кыргызстандык менен чогуу жашаган адамдан коронавирус табылган.

 

Абдрахмановдун айтымында, 26-февралдагы кечки тесттин жыйынтыгы кыргызстандык жаранда коронавирус бар экенин көрсөткөн. Ал оорунун айкын белгилери жок, жеңил өтүп жатканын кошумчалаган.

“Негизинен жарандын абалы туруктуу. Анда дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, ооруксунуу жок. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө” – деген Нурлан Абдрахманов.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз