Воскресенье, 19 мая

Тегеранда жума намазга чогулууга тыюу салынды

0

Тегеранда коронавирустан улам жума намазга чогулууга тыюу салынды. Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдан кабарлашты.

Маалыматтар боюнча, Иранда вирус жугузгандардын саны 100дөн ашты. Арасында өлкөнүн вице-президенти Масумех Эбтекар да бар. 25-февралда коронавирусту саламаттык сактоо министринин орун басары Ираж Харирши да ооруну жугузуп алганы кабарланган.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киянуш Жаханпур 24 саатта коронавирустан дагы 7 киши өлгөнүн, бул илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 26 адамга жеткенин билдирди. Вируска жалпы 250дөй киши чалдыккан.

Ирандын Ватикандагы мурунку элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан көз жумганын IRNA агенттиги маалымдады. Бир күн мурун ал Тегерандагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Саламаттык сактоо министри Саед Намаки бейшембидеги басма сөз жыйынында эпидемия жайылган аймактарда мектептер дагы 3 күн, университеттер эмки жума бүт жабык болорун жарыялады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз