Воскресенье, 19 мая

Түрктөр орусиялыктарга каршы нааразычылык акциясына чыгышты

0

Бүгүн, 28-февралда Орусия федерациясынын Стамбулдагы генералдык консулдугунун алдында Орусиянын Сириядагы аракеттерин айыптаган митингдер уланууда. Митингге чыккандар Таксим районундагы дипмиссиянын имаратынын алдына түрк желегин илип, Москва Башар Асаддын режимин колдоп жатканына каршылыгын билдиришти.

Полиция кызматкерлери генералдык консулдукту курчап, коопсуздук чараларын көрүүдө.

Маалыматка ылайык, Башар Асаддын Идлибдеги соккусунан 33 түрк аскери каза болуп, 32 аскер жаракат алган.

Түзүлгөн кырдаалга ылайык, 28-февралда түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Орусия башчысы Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Анда Идлибдеги деэскалацияланган аймак боюнча баштагы келишимди аткаруу боюнча аракеттер көрүлөрү айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз